Азыркы кыргыз тилиндеги көөнөргөн сөздөрдүн Махмуд Кашкаринин «Диван-и лугат ат-түрк» эмгегинде кездешиши


DOI:
https://doi.org/10.5281/zenodo.15769011Anahtar Kelimeler:
Диван-и лугат ат-түрк, Активдүү Фонд, Унутта Калган Сөздөр, Лексикалык Маанилер, Кыргыз ТилиÖzet
Коомдогу көрүнүштөр дайыма өзгөрүп, өнүгүп тургандыктан тилдеги сөздүк курам өзгөрүлмөлүү келет. Ал адамдардын өз ара пикир алмашуу талабын камсыз кылуу үчүн дайыма жаңы сөздөр же синоним сөздөр менен толукталып турат. Тилдин лексикасындагы кээ бир сөздөр, алардын маанилери эскирип, колдонуудан чыгып калышы тилдин өнүгүшүндөгү узак убакытты талап кыла турган татаал процесс экендиги белгилүү. Тактап айтканда, азыркы кыргыз тилиндеги кээ бир көөнөргөн сөздөр Махмуд Кашкаринин «Диван-и лугат ат-түрк» эмгеги менен Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунан табылат. Жандуу кыргыз тилиндеги кээ бир сөздөр активдүү лексикалык корунан чыккан менен, элдин эсинде сакталып, элдик оозеки чыгармаларда, географиялык аттарда, көркөм адабиятта жана башка адабияттарда колдонулат. «Манас» эпосунун тили, анын лексикалык байлыгы, өзгөчө таасирдүү көркөм сөз каражаттары кыргыздын жалпы элдик оозеки тилинин эталону болуп эсептелет Изилдөөчүлөр азыркы кыргыз тили менен орто кылымдагы “Диван-и лугат ат-түрктүн” тилин салыштырып, экөө дээрлик 80 пайызга жакын экендигин белгилеп кетишет. Бул албетте, эки объектинин ортосундагы жакындыкты изилдөөнүн бир тарабы. Ал эми экинчи тарабына келсек, өткөн кылымдагы кыргыз тилинин «Дивандын», тилине алда канча жакын экендигин байкалат. Анткени, азыркы кыргыз тилиндеги көөнөргөн сөздөр («Манас» эпосунда, Х.Карасаевдин сөздүгүндө кездешкен эскирген сөздөр) Махмуд Кашкаринин эмгегинде кездешет. Демек, кыргыз тили өтмүшкө карай канчалык жылган сайын, ошончолук “Диван-и лугат ат- түрктүн” тилине жакындайт. Макалада кыргыз тилиндеги көөнөргөн сөздөр менен «Диван-и лугат ат-түрк», эмгегиндеги сөздөрдү салыштыруу максаты аткарылды. Лексикалык, морофологиялык жана семантикалык салыштыруу ыкмалары колдонулду. Натыйжада кыргыз тилиндеги бир канча көөнөргөн сөздөрдүн Махмуд Кашкаринин эмгегинде окшош мааниде кездешкендиги аныкталды. Келтирилген корутундуларды лекцияларда, илимий макалаларда колдонууга болот. Ошондой эле макаладагы ой-пикирлер илимий чөйрөгө сунушталды.
Referanslar
Ahmatov, T. (2011). Kaşkarlık Mahmuddun “Divan lugat-it türk” – türk tildelerinin sözdügü” – cana kırgız tili [Sözlü sunum]. Kaşgarlı Mahmud ve Kırgız Kültürü Sempozyumu, Bişkek, Kırgızistan.
İsaev, O. (1977). Jer-suu attarının sırı. Mektep.
Karasaev, H. (2016). Kamus naama. Salam.
Manas: Kırgız elinin baatırdık eposu (1995). Sagımbay Orozbakovdun varyantı boyunça akademiyalık basılış. I-kitep. Kırgızstan.
Manas: Kırgız elinin baatırdık eposu (1995). Sagımbay Orozbakovdun varyantı boyunça akademiyalık basılış. II-kitep. Kırgızstan.
Manas: Kırgız elinin baatırdık eposu (1995). Sagımbay Orozbakovdun varyantı boyunça akademiyalık basılış. III-kitep. Kırgızstan.
Manas: Kırgız elinin baatırdık eposu (1997). Sagımbay Orozbakovdun varyantı boyunça akademiyalık basılış. IV-kitep. Kırgızstan.
Manas: Kırgız elinin baatırdık eposu (2006). Sagımbay Orozbakovdun varyantı boyunça akademiyalık basılış. V-kitep. Kırgızstan.
Manas: Kırgız elinin baatırdık eposu (2006). Sagımbay Orozbakovdun varyantı boyunça akademiyalık basılış. VI-kitep. Kırgızstan.
Manas: Kırgız elinin baatırdık eposu (2014). Sagımbay Orozbakovdun varyantı boyunça akademiyalık basılış. VIII-IX-kitep. Kırgızstan.
Mahmud Kaşgari. (2011). Türk tilderinin sözdügü – Divanu lugati-t-türk. (T. Tokoev, K. Koşmokov Çev.). Avrasyapress.
Mahmud Kaşgari. (2016). Divanu lugati-t-türk - türk tilder söz cıynagı. (İ. Abdüvaliev, T. Ahmatov, A. Omorov Çev.). Turar.
Mamıtov, C. (2002). Eskirgen sözdör menen dialektizmlerdin lingvostilistikası. Uçkun.
Seydakmatov, K. (1988). Kırgız tilinin kıskaca etimologiyalık sözdügü. İlim.
Sultanaliev, İ. Ş. (2015). Mahmud Kaşgarinin “Divanu lugati-t türkünün tili”. Uçkun.
Yudahin, K. K. (1965). Kirgizsko-russkiy slovar. Sovetskaya Entsiklopediya.
Yudahin, K. K. (2000). Russko-kirgizskiy slovar. Şam.
Yürümez, R. (2022). Çağatay şairi Harabati’nin Fakr-Namesi. Paradigma.
Cakıpbek, A. (1995). Teniri Manas. Kyrgyzstan.
Cusupov, K. (1995). Manas. Dla detey.
Kasımbekov, T. (1990). Sıngan kılıç. Mektep.
İndir
Yayınlanmış
Nasıl Atıf Yapılır
Sayı
Bölüm
Lisans
Telif Hakkı (c) 2025 BURANA - Türkoloji Araştırmaları Dergisi

Bu çalışma Creative Commons Attribution 4.0 International License ile lisanslanmıştır.